Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Атамбаевдин өкүлдөрү: кол тийбестик боюнча комиссия мыйзамсыз түзүлдү


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган КСДП партиясынын юристи Нурбек Касымбеков кол тийбестик боюнча депутаттык комиссия мыйзамсыз түзүлгөнүн билдирип жатат. Анын айтымында, Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндөгү Жогорку Кеңештин токтому мыйзамга карама-каршы келет.

Парламент 13-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу комиссия түзгөн.

Анын курамына депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков жана Каныбек Иманалиев кирген.

Мунун алдында депутат Канатбек Исаевдин Атамбаевдин кол тийбестигин алуу сунушун Жогорку Кеңештин 60 депутаты колдоп, кол коюп бергени айтылган. Бир топ депутаттар мурдагы президенттин 8-июндагы митингде айткан сөздөрүн сындап, ал чуулгандуу иштерге жооп бериши керектигин билдиришкен.

Комиссия депутаттардын экс-президентке койгон дооматтарын карап чыгып, Алмазбек Атамбаевге чара көрүү жөнүндө сунуш киргизе турган болгон. Эгерде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоого негиз тапса, кайра парламентке кайрылат. Аны Жогорку Кеңештин үчтөн экиси, 80 депутат колдосо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден макам алынмакчы. (NT)

XS
SM
MD
LG