Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:26

ТИМ элчинин үстүнөн Түркияга нота тапшырды


Женгиз Камил Фырат.
Женгиз Камил Фырат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фыратты Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырып, анын үстүнөн Түркияга нота берди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Женгиз Камил Фырат өзү 6-июнда Тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Нотада 5-июнда Сокулук районунун Орок айылында Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы тиричилик жаңжалды жөнгө салуу боюнча укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө элчинин барышы ички ишке кийлигишүү катары бааланган.

Министрлик анда Түркия Республикасынын элчисин өз аракеттери менен Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишпөөгө, сабырдуулук көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырды.

5-июндун кечинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Чүйдүн Төмөнкү Орок айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолуккан. Журналисттер менен болгон маегинде элчи өзү аталган кыштакта элчиликтин кызматкери жашай турганын, аны алып кетүүгө келгенин айткан.

Кечээ, 5-июнда Төмөнкү Орокто Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кеткен, жабыркаган экөө ооруканада жатат, бири нейрохирургия бөлүмүндө. Бул боюнча 32 адам кармалып, кайра кое берилди. Мунун алдында Сокулуктун Жаңы-Жер айылында да өспүрүмдөр ортосунда уруш чыкты. Ал жерде кармалгандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Эки факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG