Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Премьер-министр өкмөт өкүлүнүн кабарчы кызга мамилесин карап чыгат


Туйгунаалы Абдраимов өз аракети тууралуу журналисттерге комментарий берип жаткан учуру. Чүй, Кыргызстан. 6-июнь, 2019-жыл.
Туйгунаалы Абдраимов өз аракети тууралуу журналисттерге комментарий берип жаткан учуру. Чүй, Кыргызстан. 6-июнь, 2019-жыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун аракеттерине баа берүү маселесин карайт. Бул тууралуу премьердин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Ал «өкмөт башчы жогорку деңгээлдеги аткаминердин жана журналисттин айланасындагы бул инцидент бийликтин бардык аткаруу бутагына көлөкө түшүрүп жатканын» өкүнүү менен кабылдап жатканын белгилейт.

Мунун алдында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов өзүнүн кабарчы кызга карата сүйлөгөн сөзү тууралуу комментарий берип, журналисттен кечирим сурабай турганын айтты. Ал журналисттин өзүнө жараша мамиле кылганын кыйытты.

Кечээ 5-июнда Сокулуктагы окуяны чагылдырганы барган журналист кыздардын бирине Абдраимов «сиздин жүзүңүз мага жакпай турат» деп, орой жооп узаткан. Бул окуя тартылган видео Интернетке тарагандан кийин социалдык тармактарда нааразылык күчөп, анын кызматтан кетишин талап кылгандар көбөйдү. Буга байланыштуу бүгүн, 6-июнда Чүй облустук администрациясынын алдында активисттердин жана журналисттердин митинги да өттү. (ErN)

XS
SM
MD
LG