Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:35

Жээнбеков: экологияны коргоо негизги маселеге айланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-июнь – Айлана-чөйрөнү коргоонун дүйнөлүк күнүнө байланыштуу экологдорду куттуктады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жазылды.

Анда президент экологиялык таза азыктары жана экотуризми бар өлкө катары табиятты сактоо, ага аяр мамиле кылуу боюнча жүргүзүлгөн ишти күчөтүү зарыл экенин билдирди.

Куттуктоодо «жаратылышты коргоо акыркы жылдары эл аралык коомчулуктун күн тартибинде талкууланган артыкчылыктуу маселелердин катарына кирди. Алдыда бизди экологиялык абалды жакшыртуу боюнча чоң милдеттер күтүп турат» деп айтылат. (TSh)

XS
SM
MD
LG