Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:11

Айт майрамындагы айрым ойлор


2016-жылдагы айт намазы.
2016-жылдагы айт намазы.

Мына ошентип орозо айт да кирип келди. Бардык мусулмандарды орозо айты менен чын дилимден куттуктайм. Ылайым Кудай баарыбызга айт күнүнүн урматына маңыздуу өмүр тартууласын!

Бул майрам - тынчтыктын, аманчылыктын майрамы.

Бул майрам - ооз жабар менен тизгинделген напсиге белек катары, дуба менен береке толгон ооз ачуунун майрамы.

Бул майрам - жокчулукту, ачкачылыкты, суусуздукту туюу менен бөлүшүүнүн, берешендиктин, жардамдашуунун, пайда күтпөстөн белек кылуунун майрамы.

Бул майрам - мал-мүлкүбүздө кедей-кембагалдын да акысы бар экендигин эске алуу менен мүлкүбүздү адалдоонун, зекет берүүнүн майрамы.

Бул майрам - жаңы күндүн жүзүн көрүп жашап жатканыбызга шүгүр кылуу максатында башкаларга (орозо) битир берүүнүн майрамы.

Бул майрам - эч кандай коомдук катмарга карабастан бирдей сааттарда зыяпаттан, жыргалдан алыс калуунун, теңдиктин майрамы.

Негизги намаз мечиттен чыккан соң, ажылык Меккеден кайткан соң, ал эми орозо Рамазан айы бүткөн соң башталат эмеспи?.. Ошонун сыңарындай, орозо айт - орозо айындагы тазалануунун, тарбияланган напсинин жаңы дем менен жашоого аралашуусу болгон чыгар.

Так ошол себептүү майрам майрамдык маанайда өтүүгө тийиш. Албетте, кантип майрамдаш ар бир элдин каада-салты, жашоо шарты, маданияты менен жуурулушуп белгилүү формага келет болуш керек.

Алсак, Түркияда мамлекеттик кызматтагыларга эң көп дем алыш жылда эки айт майрамда берилет. Анткени салт боюнча айт күнү үй-бүлө мүчөлөрү үйдүн эң улуусунун алдына (туулуп-өскөн жерине) барып, колун өөп, майрамы менен куттукташат. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып тууган-урукка зыярат кылып майрамдашат. Анткени аларда жашоо шарты ушундай: эмгектенген мамлекеттик кызматынын эрежесине ылайык кайсы шаарга жөнөтсө да ошол жакка кеткенге милдеттүү. Зыярат кылып келгендерге үй ээси алардын улуусу катары таттуу тартуулап, мүмкүн болсо сый тамак берет.

Бизде майрамдоонун форматы толугу менен калыптандыбы деп ойлонуп жүрөм. Мен көргөн аймактардагы майрамдык жөрөлгөлөрдө бир топ артыкчылыктар, кээ бир кемчиликтер бар.

Айттоодогу артыкчылыктарыбыз

Алсак, айт күнү айт намаздан чыккандан тартып кеч киргиче жаш балдардын чоң кишилерден «айттык/майрамдык» сурашы - чындыгында алтынга алмашкыс баалуулук. Анткени ошол күнү келечегибиз болгон канчалаган жаш балдардын аң-сезимине жоомарттык, берешендик, жооп күтпөстөн жакшылык кылуу деген түшүнүк сиңет. Канчалаган жаш бала айылындагы туш келди кишиден майрамдык алуу аркылуу жүрөгү жылыйт.

Неберелердин чоң ата, чоң энесине, таята, таенесине айттык сурап барганын, алардын ортосундагы гармонияны баа жеткис деп бааласак аша чапкан болбойбуз.

Айттоодогу кемчиликтерибиз

Бирок ушулар менен катар эле бул майрам маркумдарды эскерүү жөрөлгөсү катары да мааниге ээ болуп калгандыгы маалым. Маркумдун аркасынан үчтүк, жетилик, кырктык, жылдык өткөрүү сыяктуу бир канча айттык да өткөрүлүп келет. Адатта бул тууралуу диний жана салттык маңызда бир топ талаш-тартыштар болуп жүрөт. Диний тараптын адамдары бул нерсенин шариятта жок экендигин, анын үстүнө ысырапкорлукка жол берилип калып жатканын айтып, бул жөрөлгөлөрдү токтотууну туура көрүшөт. Ал эми ага каршы чыккандар болсо ата-бабадан калган салт катары буларды уланта бериш керек деп эсептешет.

Менин оюмча эки тараптын тең туура жана туура эмес жактары бар. Бул нерсени «шариятта жок» деп түп-тамырынан бери токтотууга аракеттенүү туура эмес, натыйжа да бербейт. Анткени анын негизги мааниси болгон, маркумду эскерип туруу деген түшүнүк элдин рухуна сиңген. Муну маркумду бул дүйнөдөн кетээри менен катардан чыгарып салбай, аны эскерип туруу, эң кубанычтуу күндө (айт күнү) да аны эстен чыгарбай ойго алуу катары карап, сыймыктануу десек туура болот. Мындан сырткары бул сыяктуу жөрөлгөлөр айыл аксакалдарынын өз ара сукбатташуусуна, жүз көрүшүп турушуна, жалгыз эмес экендигин сезип турушуна өтө чоң өбөлгө түзөт. Шаардашуу күчөгөн жерлерде, тактап айтканда мындай өбөлгөлөр түзүлбөй калган жерлерде эмне үчүн стресс көп, депрессияга киргендер арбын, ал тургай өз жанын кыйганга чейин баргандар элетке салыштырмалуу көп?..

Экинчи жагынан бул жөрөлгөлөрдүн оригиналдуу ушундай маңызын бетке кармап ысырапкорлукка жол берилип жатканы да чын. Бир кыргыз катары бул аксакал түшүнүгүбүздүн алдында көздөрүмө жаш алып таазим этким келет. Бирок заманбап аксакалдарыбыз аппак сакалына жарашкыдай акылман, даанышман, көрөгөч боло албай жаткандыгы кейитет. Так ошол айыл аксакалдарынын док кылышынан улам кара мал союп, дасторкон жаям деп тиричилигин талкалап, иш издеп талаалап кеткендер далай кездешет.

Мына ошол айт күндөрү жакыны өткөн аялдарга сарпай кийгизүү деген адат кээ бир аймактарда дээрлик модага айланып, алтын, бермет тагууга чейин жетти. Калп эле ыйламыш болгон жери болбосо, тойдон айырмасы деле калбай бараткан бул жөрөлгөлөргө барган калпак, көйнөк, кездеме, костюм-шымдардын дээрлик баары колдонууга жараксыз. Кутусунан чыгаары менен эки бөлүнүп калган жасалгалар.

Айыл аксакалдарыбыздын сонун кылып курсагын тойгузуп, ыраазы кылып, батасын алып коюу кыйынга турбайт. Бир койду кекиртектесе баарына жетмек, андан жыгылып деле калбайт. Ушундайча салтыбыз да уланмак, айыл аксакалдары, апалар да ыраазы болмок. Дин кызматкерлери айткан ысырапкорлук да ушундайча токтомок. Бул жерде эң маанилүү милдет айыл аксакалдарына түшөт.

Элмурат Кочкор уулу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG