Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:43

Шайлоо чегин 9 пайыз бойдон калтыруу боюнча сунуш түштү


Депутат Айнуру Алтыбаева.
Депутат Айнуру Алтыбаева.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева шайлоо чегин 9 пайыз бойдон калтырууну сунуш кылды. Бүгүн, 3-июнда шайлоо жөнүндөгү мыйзам долбоорлорунун топтому талкууланган парламенттик угууда депутат буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо беш жана жети пайыздык чектер колдонулганын билдирди. Ал 9 пайыздык шайлоо босогосу азырынча парламенттик шайлоодо колдонула элек экенин, бул ыкма Жогорку Кеңешке күчтүү партиялардын келишине өбөлгө түзөрүн кошумчалады:

- Менимче, 9 пайыздык чектин башкы концепциясы саясий партиялардын ролун жогорулатат. Алардын биригишине шарт түзөт. Азыр эле Юстиция министрлигинен 200дөн ашуун партия каттоодон өткөн. 2020-жылга чейин күн сайын бир же эки партия каттоодон өтүшү мүмкүн. Партиялардын биригиши, күчтөнүшү, ирилешүүсү парламентке күчтүү саясий топтордун келишин шарттайт.

Буга чейин айрым депутаттар шайлоо чегин беш пайызга чейин азайтуу боюнча демилге көтөрүшкөн. Ушундай пикирди кармангандардын бири, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев да өз көз карашын «парламенттик шайлоого көп партия катышат, атаандаштык күч болот» деп негиздеген. ​

Бүгүн, 3-июнда Бишкекте «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоорлор топтому парламенттик угууда ортого салынды. Аталган документке сунушталган өзгөртүүлөрдү президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев жетектеген жумушчу топ иштеп чыккан. Парламенттин 25 депутаты анын демилгечиси.

Жумушчу топ шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иш алып барары айтылган. Топтун мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде 21-майда биринчи окууда колдоо тапкан.

Демилгечилер документтин негизги максаты шайлоо тууралуу мыйзамдарды өркүндөтүү деп түшүндүрүшкөн. (NT)

XS
SM
MD
LG