Базар кечки саат алтыда ачылып, эки саат гана иштейт. Аны жергиликтүү тургундар өздөрү түзүп алышкан. Ош шаарынын "Сулайман-Тоо" муниципалдык кызматынын билдиришинче базар мыйзамсыз иштейт. Сүрөттөрдү Гүлжан Турдубаева жана Дастан Үмөтбай уулу тартышты.
Орозодо гана иштеген базар
Орозо айы учурунда Оштогу Курманжан датка көчөсүндө тамак-аш базарынын соодасы кызыйт. Узундугу 500 метрге созулган базардан олободон тартып, үй шартында жасалган тамак-аштын түрүн тапса болот.