Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Жээнбеков ЕАЭБдин саммитинде «үч катар» бажы көзөмөлүн киргизүүнү сунуш кылды


Сооронбай Жээнбеков. 29-май, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков. 29-май, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-майда Казакстандын Нур-Султан шаарында жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кеңири курамдагы жыйынында сүйлөдү. Ал кийинки убакта бажы төлөмдөрүн жаап-жашыруу боюнча Кыргызстандын дарегине сын-пикирлер көбөйгөнүн айтты жана «үч катар» бажы көзөмөлүн киргизүүнү сунуш кылды. Ошондой эле Жээнбеков Кыргызстан биримдиктин тышкы чек арасында бажы көзөмөлүнүн ачык-айкын жана калыс өткөрүлүшүнө кызыкчылыгы бар экенин билдирди. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

- ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрүнөн турган кызыкчылыгы бар тараптардын катышуусу менен «үч катар» бажы көзөмөлүн өткөрүүнү сунуш кылам. Биргелешкен көзөмөлдүн чыгарган жыйынтыктары жана чечимдери жалпы коомго ачык болушу керек. Мындай процедура бир өлкөнүн экинчи өлкөгө болгон дооматын жокко чыгармак, - деди Жээнбеков.

Ал мындан тышкары биримдиктин курамындагы мамлекеттердин экономикаларынын ортосундагы чоң айырмачылык Евразиядагы интеграциянын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле комиссияга экономикалары чакан өлкөлөрдү колдоо жана өнүктүрүү боюнча ар кандай механизмдерди талдоо боюнча тапшырма берүүнү сунуш кылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG