Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

HRW аялдар укугуна байланыштуу Кыргызстанды сынга алды


Кыз ала качуу. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыз ала качуу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ала качуунун курмандыгы болгон студент Бурулай Турдаалы кызынын өлгөндүгүнүн бир жылдыгына карата «Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму баяндама жарыялады.

Уюмдун билдирүүсүндө кыргыз бийлигинин дарегине «аялдар менен кыздардын укугун коргой албай жатат» деген сын айтылган. Анда өлкөдө кыз-келиндердин укуктары коргоого, зордук-зомбулуктун, ала качуунун алдын алууга багытталган мыйзамдар кабыл алынганы менен алар толук жүзөгө ашырылбай жатканы белгиленген.

Мындан тышкары аялдар менен кыздарга карата зомбулуктун улана беришине коомдогу көз караш, мамиле түрткү болуп жатканы айтылып, андыктан аны өзгөртүүгө көңүл бурууга чакырык ташталган.

Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы туура бир жыл мурда, 27-майда Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Былтыр декабрда Свердлов райондук соту бул окуя үчүн Марс Бөдөшевди айыптуу деп таап, аны 20 жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кескен. Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. Азыр милиция кызматкерлери боюнча соттук териштирүү уланууда.

XS
SM
MD
LG