Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Абдрахманов: КСДП парламенттик шайлоого катышат


Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

Сагынбек Абдрахманов жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу бүгүнкү басма сөз жыйынында айтылды. Абдрахманов «Азаттыкка» азыр 3-апрелдеги курултайдын чечимин тааныштырыш үчүн партия мүчөлөрү жер-жерлерди кыдырып жатканын билдирди:

- Түштүктүн баарын кыдырып, кантип шайлоого катышарыбызды Токтогул, Аксыдан баштап Жалал-Абад, Ош, Баткенге чейин биздин баштапкы уюмдарды кыдырып, мүчөлөр, активдер менен жолугуп, 18-съезддин чечими менен тааныштырып жүрөбүз.

Абдрахманов партия учурда тазаланып, жаңыланып жатканын билдирип жатат. Ал буга чейин өзү төрагалык кылган КСДПнын атынан эки адам жергиликтүү кеңешке депутат болуп барганын билдирген.

Абдрахманов мурда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги Атамбаев төрагалык кылган КСДПнын төрагасы катары Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Ал эми экс-президент Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим деп, юстиция министри Марат Жаманкуловду кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG