Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Нурбек Мурашев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды


Нурбек Мурашев.
Нурбек Мурашев.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев өз каалоосу менен кызматтан кетип жатканы кабарланды.

Өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгуловдун «Азаттыкка» айтканы боюнча, Мурашевдин арызын премьер-министр канааттандырган.

- Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нурбек Мурашевди өзү берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу боюнча президентке сунуш киргизди, - деди өкмөттүк аппараттын өкүлү.

Акыркы чечимди мамлекет башчы кабыл алат. Маалыматтарга караганда, Мурашевдин министрлик кызматтан кетишине анын саламаттыгы начарлашы себеп болгон.

Нурбек Мурашев апта башында начар иштеп жаткан министр катары ишкерлердин эң төмөн баасына татып, «кара көлөч» сыйлыгы ыйгарылган. Мурашев ага чейин да көп жолу сынга кабылып келген. Буга башкы себеп - былтыр арбын айдалган картөшкөнүн түшүмү сатылбай, ороодо чирип жатканы болуп жатат.

Нурбек Мурашев 2016-жылдын аягында айыл чарба министри болуп дайындалган. Адеп кызматка келгенде эле Өзбекстанга картөшкө экспорттоорун айткан эле. Бирок ал ишке ашкан эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG