Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

«Саясатта гендердик квота өтө зарыл»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Укук коргоочулар айылдык кенештерде мандаттарды аялдар үчүн резервге калтыруу жөнүндө мыйзам долбоорун колдоого чакырып маалыматтык өнөктүк башташты.

23-майда Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн тутумунда «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда талкуулады.

Анда жергиликтүү кеңештеги бир жыныстагы эл өкүлдөрүнүн санын 70 пайыздан ашырбоо тууралуу жобо талашка түшкөн башкы маселелердин бири болду. Долбоорго 30 пайыздык квотаны резервде кармоо тууралуу сунуштар айтылууда.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири вице-спикер Аида Касымалиева бул жобону аялдарга тиешелүү саясий орундарды сактап калуу аракети менен негиздеди:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

«Шайлоо бүткөндөн кийин бардык шайлоочулардын саны эсептелип, мандаттардын саны да белгилүү болот. Ошондо эле 30% квота резервде экени эске алынат. Бул 11 мандаттын үчөө, 21 мандаттын алтоо резервде болорун билдирет. Мен механизмди шылтоо кылып, каршы чыккандарды ушул жерде уяткарам. Жакшылап ойлонуп колдоого алып коюңуздар. Бизге ушундай норма керек».

Көпчүлүк депутаттарды резервдеги мандаттын механизмдери кызыктырды. «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Тариэл Жоробеков бул демилгедеги кооптуу жагдайларды белгиледи:

«Эгерде эл анчалык шайлабай койсо, канча шайласа ошончо болот да. Бул жерде эл резервдеги мандаттуу талапкерлерди колдойт деген кепилдик жок. Көп добуш алган талапкер нормага ылайык өтпөй калабы?»

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев мыйзамды биринчи окууда колдоого чакырып, саясатчы аялдар керек деген пикирин ортого салды:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Гендердик квота - бул түз демократия эмес. Бирок бул керектүү нерсе. Аялдар үйдө эле отуруп калбашы керек. Айымдардан лидер пайда болсо бизге жакшы. Мисалы, убактылуу болсо да аял киши президент Роза Отунбаева болгон. Жакшы иштеген, өлкөгө бир топ салым кошкон. Аял саясатчылар, лидерлер көбөйсө мамлекетке да жакшы. Биринчи окууда колдойлу».

«Шайлоо жөнүндө» мыйзамдардын курамында каралып жаткан бул долбоордун мындан кийинки тагдыры кандай болору азырынча белгисиз.

Жергиликтүү кеңештерде аялдарга 30% квота бөлүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 2016-жылы да каралып, биринчи окууда 102 депутаттын колдоосу менен өтүп, экинчи окууга жеткен эмес. Долбоордун парламентке эки жылдан кийин кайра кайтып келишине укук коргоочулардын, жарандык активисттердин жергиликтүү кеңештердеги аялдардын санына тынчсыздануусун билдирип, мыйзамга өзгөртүүнү суранып, президентке кайрылганы негиз болгон.

БУУнун сунушу менен Кыргызстандын мыйзамдарына «башкаруу органдарында гендердик тең салмактуулук сакталып, жалаң бир жыныстуу эмес, 30 пайыз аялдар же эркектер иштеши керек» деген норма кирген. Бирок бул талап дээрлик эч кайсы органдарда аткарылбайт.

Расмий маалыматтарга караганда, жергиликтүү кеңештерде депутат аялдар 11 пайызды түзөт. Бул Кыргызстандагы 453 айылдык кеңештин 86сында бир да аял депутат жок дегенди билдирет. Гендердик тең салмактуулук жагынан шаардык кеңештерде деле абал чеке жылытарлык эмес. Ал жакка шайланган депутат аялдардын саны 21% түзөт. Бул 600гө жакын мандаттын 130га жетпегени кыз-келиндер дегенди билдирет.

Ал эми Жогорку Кеңеште 120 депутаттын 16 пайызы аялдар. Гендер маселери боюнча адис Бакен Досалиева шайлоочулардын 51% аялдар түзгөн өлкөдө мындай көрсөткүч акылга сыйбайт деп эсептейт. Анын айтымында, аялдардын аздыгынан мектеп, бала бакча, ооруканадагы шартты жакшыртуу, эне менен баланын өлүмүн азайтуу, алардын саламаттыгына кам көрүү, үй-бүлө институтун бекемдөө, миграция, келечек муунга татыктуу тарбия берүү өңдүү өзөктүү социалдык маселелер унутта калат.

«Аял депуттар эмне үчүн керек? - деп түшүндүрдү ал. - Эркектер козгобогон маселелерди аялдар көтөрмөк. Социалдык маселелер тууралуу эркек депутаттар ооз ачышпайт. Анын үстүнө 51% шайлоочусу болуп туруп, саясатта өкүлдөрүбүз жок. Эки күндөн бери мыйзамдын айланасында ызы-чуу тынбай жатат. Эркек депутаттардын мындай реакциясына таң калдым. Муну сексизм деп түшүнсө болот. Саясаттагы аялдардын орду боюнча гендердик теңсиздик эле эмес, аялдардын укуктарын басмырлоо деп айта алам. Бизге гендердик квота абадай керек».

Тасмада: Жогорку Кеңеште 23-майдагы шайлоо мыйзамы ​боюнча талкуу.

​Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү, кошумчаларды киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору, алардын ичинде «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» долбоор 3-июнда өтө турган парламенттик талкууда каралмай болду.

Аялдардын саясаттагы ордун колдоону көздөгөн адистер, укук коргоочулар талкууну утурлай маалымат өнөктүгүн башташты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG