Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

Саакашвили Зеленскийден ага украин жарандыгын кайтарууну өтүндү


Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили Украинанын президенти Владимир Зеленскийге кайрылып, ага украин жарандыгын кайтарып берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Зеленскийдин администрациясына кат жиберген Саакашвилинин адвокаты билдирди.

Зеленскийге жазган катта саясатчы аны Украинанын Конституциясын жана эл аралык укуктарды бузуу менен аны жарандыктан ажыратышканын белгилеген. Ал Украинанын жаңы президентинен өлкөгө кайтып келүүгө жана сотто өз укуктарын коргой алууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнгөн. Ошону менен бирге Саакашвили ага эч кандай кызмат керек эмес экенин айткан.

Украинанын президенти Петро Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында жарандык берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок эки жылдан кийин Саакашвили Петро Порошенко менен пикири келишпей, кызматынан баш тарткан. Порошенко өз буйругу менен Михаил Саакашвилини жарандыктан ажыраткан. Ошол эле жылы сентябрда Саакашвили тарапкерлеринин жардамы менен Украинанын аймагына кирип барып, Порошенконун кызматтан кетишин талап кылган акция уюштурган.

Өткөн жылы февралда Украинанын Чек ара кызматы Саакашвилиге Украинага кирүүгө тыюу салган. Михаил Саакашвили быйыл февралда Киевдеги ресторандан кармалып, учакка күчтөп салынып, Польшага депортацияланган. Андан ары Голландияга барып, ошол жакта туруктуу жашоого уруксат алган.

XS
SM
MD
LG