Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:22

Динара Сагынбаева үй камагына чыкты


Динара Сагынбаева.
Динара Сагынбаева.

Азиз Батукаевди абактан бошотууга байланыштуу камакка алынган мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева үй камагына чыгарылды.

Анын бөгөт чарасын 22-май күнү, кечинде Биринчи май райондук соту караган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Оор кылмыш үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн.

Быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген.

Ишти тергөөнүн алкагында 15-майда мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, андан мурдараак беш дарыгер кармалган. Эки дарыгер кайрадан үй камагына чыгарылган. 21-майда мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG