Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:52

Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгердин буту сынганы ырасталды


Азиз Батукаевдин туугандары менен бирге «Манас» аэропортунан чыккан учуру камерага түшкөн. Апрель, 2013-жыл.
Азиз Батукаевдин туугандары менен бирге «Манас» аэропортунан чыккан учуру камерага түшкөн. Апрель, 2013-жыл.

«Мыйзамдагы ууру» деген Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган дарыгер-лаборант Ирина Цопова бутун сындырып алганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлү Элеонора Сабатарова «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, Цопова кармалгандан кийин, май майрамдарынын алдында эки кабаттуу керебеттен түшүп жатып бутун сындырып алган. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн, бутуна гипс коюлган. 20-майда травматолог-дарыгер «аны ооруканага жаткыруунун кажети жок, абалы жакшы» деген тыянак чыгарган.

Сабатарова Ирина Цопованын абалынан Атайын прокуратуранын жана Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү кабар алганын, алар дарыгердин кыйноого кабылбаганын көрүп кетишкенин кошумчалады. Окуя тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордон комментарий алууга азырынча мүмкүнчүлүк боло элек.

Ирина Цопова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгышы үчүн «ал ак кан илдетинен жабыркайт деген аныктама (справка) берди» деген айып менен кармалган дарыгерлердин бири.

Өткөн аптада анын тергөө абагында жараат алганын укук коргоочулар кабарлап, «дарыгер кыйноого кабылышы ыктымал экенин» айтышкан. ЖАМК буга чейин Цопова бутун оорутуп алганын билдирген.

Кыргызстанда оор кылмыштар үчүн айыпталып, соттолгон Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде чартердик учак менен Орусияга чыгып кеткен. Буга «айыккыс оорудан улам анын ичер суусу аз калган» деген соттун чечими себеп болгон. Арадан алты жыл өтүп, Батукаевдин көрөөр күнү саналуу калганы калп болуп чыккан. Анын иши майдын башында жанданып, тергөөнүн алкагында мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, ЖАМКтын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана беш медицина кызматкери кармалган. Эки дарыгер кайрадан үй камагына чыгарылган. (NT)

XS
SM
MD
LG