Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:41

Сот Атамбаевдин Исаковго каршы доо арызын расмий токтотту


Ыдырыс Исаков.
Ыдырыс Исаков.

Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаевдин «Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковго каршы доо арызы соттун чечими менен расмий токтоду.

Ишти 20-майда Ош шаардык соту карады. Бул тууралуу адвокат Мухаё Абдураупова билдирди.

7-майда Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаковго каршы доо арызын кайтарып алып, бул боюнча шаардык сотко өтүнүч берилгенин билдирген. Муну Атамбаев «ыйык Орозо айында кечирип, соттошпой» тургандыгы менен түшүндүргөн.

Абжапаровдун айтымында, Жалил Атамбаев журналисттен тышкары дагы эки ишкерге каршы доо арызын да кайтарып алган.

17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Көп өтпөй Жалил Атамбаев Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

Бул окуядан кийин жалпы журналист коомчулугу жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, журналист Ыдырыс Исаковду коргоого чакырган. Маалымат өкүлдөрү президенттин билдирүүлөрүндө өлкөдө коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлөрүн, жемкорлукка барган адамдар коомчулук алдында ашкереленерин айткан убадасын эске салып, андан ишти өз көзөмөлүнө алууну өтүнүшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG