Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

Пашинян сот системасын чукул реформалоого үндөдү


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн сот тармагында радикалдуу реформа жүргүзүүгө чакырды. Ал өзүн бийликке алып келген бир жыл мурунку революциянын "экинчи баскычы" башталып жатканын 20-майдагы конференцияда айтты.

Пашинян армия кызматкерлери, сот өкүлдөрү жана бир катар саясатчылар катышкан бул иш-чарада Армениянын сот системасы мурдагы "коррупциялашкан өкмөттүн" чеңгээлинде калганын белгиледи.

Ишемби күнү Еревандагы сот "2008-жылы демонстранттарга күч колдонууга буйрук берген" деген негиз менен соттолуп жаткан мурдагы президент Роберт Кочарянды күрөөгө абактан бошоткон. Пашинян соттун чечимин айыптап, өз тарапкерлерин Армениядагы нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн.

Дүйшөмбү күнү ондогон демонстранттар баш калаа Еревандагы бир катар сот имараттарынын кире беришин торошуп, армян сотторуна нааразылыгын билдиришти.

Оппозициядагы Республикалык партия "сот системасына кысым көрсөтүлүп жатканын" билдирсе, армян президенти Армен Саркисян жарандарды мыйзамдарды сактоого жана сабырдуулукка үндөдү.

XS
SM
MD
LG