Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:52

Трамп Тегеранга кайрадан эскертүү берди


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Иранга жаңы эскертүү берип, ортодо жаңжал чыга турган болсо, анда Ислам республикасынын күнү бүтөөрүн билдирди.

"Эгер Иран согушкусу келсе, ал расмий түрдө Ирандын күнү бүткөнү болуп калат. Мындан ары АКШны эч качан коркутпагыла",-деп жазды Трамп 20-майда "Твиттердеги" барагына.

Анын алдында Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү өнөктөшү саналган Сауд Арабиясы да Тегерандын болжолдуу чагымчыл аракеттерине "болгон күчү менен" жооп кайтарарын эскерткен.

Вашингтон менен Эр-Рияддын эскертүүлөрү АКШ менен Ирандын ортосунда чыңалуу күчөп, аскердик жаңжал тууралуу тынчсыздануулар айтылып жаткан учурга туура келип жатат.

Буга чейин Вашингтон ыктымал коркунучтарды алдын алуу үчүн Перс булуңу тарапка учак алып жүрүүчү кемесин жана бомбалоочу учактарын жөнөткөнү белгилүү болгон.

Иран согушту каалабай турганын билдирип, Тегеран "коркунуч жаратып жатат" деген билдирүүлөрдү четке кагууда.

Өткөн аптада АКШнын Мамлекеттик департаменти Иранга коңшулаш жайгашкан Ирактагы америкалык элчиликтин айрым кызматкерлерин эвакуациялоо тапшырмасын берген.

19-майда АКШнын Багдаддагы элчилигине жакын аймакка ракета ташталганы маалым болду. Бирок бул окуяга эч ким жоопкерчиликти ала элек.

Өткөн аптада Сауд Арабиясы да эки мунай ташуучу танкерине дрондон сокку урду деп Тегеранды айыптаган.

XS
SM
MD
LG