Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:49

Эки полковник каза болгон жол кырсыгы териштириле баштады


Кыргызстанда жол кырсыгына кабылган автоунаалардын бири. Январь, 2019-жыл.
Кыргызстанда жол кырсыгына кабылган автоунаалардын бири. Январь, 2019-жыл.

Бишкек-Ош жолунун 97-чакырымында 20-майдын таңында болгон жол кырсыгынан эки аскер кызматкеринин өмүрү кыйылды. Алардын бири Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын полковниги, экинчиси запастагы полковник экени айтылды.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, маркумдардын бири "Мазда" үлгүсүндөгү машинени башкарып келе жаткан. Кырсыкка анын уктап кетип, рулду башкара албай жол четинде токтоп турган жүк ташуучу автоунаага урунганы себеп болгон деген версия бар.

Автоунаа Бишкекти көздөй келе жаткан. Анда маркумдарды кошкондо төрт аскер кызматкери болгон. Экөө жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Жол кырсыгы боюнча териштирүү башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

XS
SM
MD
LG