Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Сот Кулматов менен Ибраимовду абакта калтырды


Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.
Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 20-майда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун ишин кароону улантты.

Мурдагы эки аткаминер мүчө болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) билдиргендей, жараянда адвокаттар алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу жана кылмыш иштерин бөлүү тууралуу өтүнүч келтиришти. Сот бул өтүнүчтөрдү четке кагып, экөө тең абакта калды.

Адвокаттар мурдагы эки мэрдин тергөө абагында кармалышы мыйзамсыз деген негизде аларды үй камагына бошотууну суранып келишет.

2-майда Бишкектин Ленин райондук соту алардын тергөө абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.

Кубанычбек Кулматов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн.

Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Сот бул эки ишти бириктирип карап жатат. Аны бөлүп кароо боюнча адвокаттардын өтүнүчү канааттандырылган эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG