Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Спорттук мектепте бир жылда 179 бала окуудан четтетилди


Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайы.
Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайы.

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайында бир жылда 179 бала окуудан чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган окуу жайдын директору Кадырбек Эргешов билдирди.

Ал мындай чечим кабыл алууга окуучулардын тартипке баш ийбегени себеп болгонун айтты.

- Эң негизги көйгөй бизде тартип болуп жатат. Бир жылдын ичинде эле эки жүздөй бала кетирилди. Алардын көбү эле биздин талапка жооп бербейт. Бул биринчи жагы болсо, экинчи жагы - кеткен балдардын көпчүлүгү бул жерде (окуу жайда) иштегендердин жердештери, туугандары болот же ар кандай телефон чалуулар менен эле окууга өтүп калгандар. Алардын ордуна жаңы, талапка жооп берген балдар келип жатат, – деди Кадырбек Эргешов.

Буга чейин аталган окуу жайдын ата-энелер комитетинин төрайымы Клара Тукубаева балдар окуудан мыйзамсыз чыгарылды деп мамлекеттик Дене-тарбия жана спорт агенттигине кайрылганын "Азаттыкка" маалымдаган.

Спорт агенттиги атайын комиссия түзүп, окуудан четтетилген 179 баланын ичинен бешөөнү окууга кайра алуу чечимин чыгарган.

Андан сырткары комиссиянын чечиминде окуудан чыгарылган 179 баланын ордуна 2019-жылдын март айына чейин 255 бала окууга алынганы жазылган. Алардын 163ү кабыл алуу комиссиясынын тандоосу менен окууга өткөнү, калган 92си кандай түрдө алынганы белгисиз экени айтылат.

Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайында жалпы 400 бала билим алат. (GT)

XS
SM
MD
LG