Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:40

АКШ Перс булуңу жактан учкан учактарын этият болууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы (FAA) Иран менен мамиле бузулуп жатканына байланыштуу Перс булуңунун үстүнөн учкан америкалык учактарды этият болууга чакырды.

Мекеменин маалыматына караганда, «аймакта аскердик ишмердүүлүк күчөп, саясий абал курчуп турган чакта америкалык учактарды көзөмөлдөөгө тоскоолдук жаралышы ыктымал».

Соңку күндөрү Кошмо Штаттар Иран тараптан коркунуч жаралып жатканын айтып, ортодо аскердик жаңжал чыгышы ыктымал деген кооптонуусун билдире баштады.

Расмий Иран Ак үйдүн мындай айыптоолорун четке кагып, Вашингтон чыңалууну өзү атайылап курчутуп жатканын бидирүүдө.

Эки тарап тең согуш болбошу керек деген пикирде. (RK)

XS
SM
MD
LG