Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Шаардык кеңештеги айтыш сынга кабылды


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында эки депутаттын этикага сыйбаган кайым айтышы социалдык тармактарда талкууга түштү. Бул депутаттардын жүрүм-туруму сынга кабылган алгачкы учур эмес.

Көчөдөгүдөй эле кер-мур айтышкан Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттар Жумабек Салымбеков менен Канатбек Музуралиев калаадагы маанилүү маселени деле талашып жатышкан жок.

Музуралиев шаардык кеңештеги турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жумабек Салымбековдун жардамчысы Павел Десятников эл өкүлдөрү менен катар отуруп, сөз алып сүйлөп жатканы протоколдук эрежеге туура келбегенин эскерткен.

Жардамчысына болушкан Жумабек Салымбеков кесиптеши Канатбек Музуралиевди “Чыр-чатакты каалап жатасыңбы?” деп зекип, эки депутаттын “акыйнеги” төрт-беш мүнөткө созулат.

Депутат Салымбековдун чырга себепкер болгон жардамчысы Павел Десятниковдун орус жарандыгы бар экени коомчулуктун талкуусуна түшүп, жакында эле мандатын тапшырган.

Шаардык кеңештин басма сөз кызматы Павел Десятников ден соолугуна байланыштуу мандатын тапшырганын маалымдады. Бирок Десятников "аттан түшкөнү менен ээрден түшө элек" окшойт. Ал 16-майдагы бул комиссиянын жыйынында депутаттай эле отурду.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын кайым айтышын талкуулагандар эл өкүлдөрү коомчулукту көзгө илбей, саясий кызматкердин этикасын билбейт деп сындап жатышат.

Парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Адрахманов эл өкүлдөрүнүн кызыл чеке талашы мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин белгилейт. Бирок жеке кызыкчылык эмес, идея же мыйзам боюнча, башкача айтканда ишмердүүлүгүнө байланыштуу талкуу болушу керек.

«Жапон депутаттары да аябай мушташып, идея үчүн күрөшөт. Кептин баары талашта эмес, анын маңызында болуп жатат. Ошол жапон депутаттарындай иштеп, реформа жасай алабызбы? Бизде бир маселени талашып жатышат. Азыр коом өзү ушундай болуп калды. Популист депутаттар кыйкырып коюп, өзүнүн ишин бүтүрүп жүргөндөр алдыга чыкты. Ал эми Десятников эки жарандуулугу боюнча сөздөрдөн кийин жыйында отургандан уялышы керек болчу».

Бишкек шаардык кеңеши кесипкөй эмес, калаадагы бизнес кызыкчылыгын коргоо үчүн келген ишкерлерден куралган деген нааразычылык көп айтылат. Шаардык кеңештин курамынын басымдуу бөлүгүн курулуш бизнесинин ээлери жана жогорку бийликтегилердин жакындары түзөт.

Интернетте саясий-аналитикалык программаларды даярдаган блогер Азим Азимовдун баамында, борбор калаадагы чечилбей жаткан маселелердин себеби да жергиликтүү депутаттардын ишердүүлүгүнөн көз каранды.

«Шаардык кеңештин ролу Жогорку Кеңештен да маанилүүрөөк. Себеби Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар улуттук деңгээлде иштейт. Ал эми шаардык кеңештин чечимдери жөнөкөй жарандардын жашоосуна түз тиешелүү болуп атат. Мисалы, жол, суу, свет, таза аба сыяктуу нерселер бар. Бул тармактагы маселелерди шаардык кеңеш чечет. Азыр нааразычылыктар көп, анткени алар элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат дегенде ишенбейбиз».

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын жүрүм-туруму боюнча бул биринчи сын эмес. Жергиликтүү кеңештин сессиясына катышып жүргөн айрым журналисттер да буга чейин депутаттардын маданиятсыз жүрүм-турумуна көп эле күбө болоорун айтып жүрүшөт.

2016-жылы 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине 14 партия ат салышып, беш партия жети пайыздык чектен өткөн. КСДП - 13, "Республика - Ата Журт" - 12, "Өнүгүү-Прогресс" – 8, “Мекеним Кыргызстан” - 7, “Кыргызстан” партиясы - 5 мандат алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG