Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:29

Кытай АКШнын «Huawei» боюнча чечимине жооп берди


«Huawei» компаниясынын кеңсеси.
«Huawei» компаниясынын кеңсеси.

Кытайдын Соода министрлиги бейшембиде кайсы бир өлкөлөрдүн кытайлык компанияларга бир тараптуу түрдө санкция салышына каршы экенин билдирди.

15-майда АКШ Кытайдын «Huawei» компаниясын «улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет» деген жүйө менен кара тизмеге киргизген. Ошол эле күнү президент Дональд Трамп америкалык байланыш түйүндөрүн «чет өлкөлүк каршылаштардан» коргоо максатында жалпы элдик чукул кырдаал жарыялаган.

Анын атайын буйругуна ылайык, АКШ компанияларына мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн болгон чет өлкөлүк телекоммуникациялык ишканалардын кызматтарын же жабдууларын колдонууга тыюу салынган.

Буйрукта конкреттүү өндүрүүчүлөр аталбаганы менен бир катар эксперттер бул чара Кытайдын «Huawei» компаниясына каршы көрүлүп жатканын айтышкан.

АКШнын бийлиги кытайлык фирма тыңчылык кылуу жана маалыматтарды жөнөтүп турууга жөндөмдүү деп шек санап жатат.

«Huawei» бел дооматтарды четке кагып, мындай чара америкалык кардарлар менен компанияларга гана кедергисин тийгизээрин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG