Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Кара-Суу сотунда Мелис Калыковдун иши каралат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облустук прокурорунун өлүмү үчүн шек саналып камакка алынган Мелис Калыковдун арызын териштирүү Кара-Суу шаардык сотунда каралат. Алгач 15-майга белгиленген отурум даттануучунун сотко жеткирилбегенине байланыштуу 16-майга жылдырылган.

Адвокаты Асылбек Кунгуров «Азаттыкка» билдиргендей, Мелис Калыков тергөө ишине канааттанбай, тергөөчүлөрдү сотко берген. Ош шаардык сотунда судьялар жетишсиз болгондуктан, иш Кара-Суу шаардык сотунда каралууда.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында.

XS
SM
MD
LG