Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Башканы ээрчип жүрүп башатыңды унутпа


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. 2018-жыл.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. 2018-жыл.

Мен «Азаттык» үчүн макала даярдап жүрүп, «ЕврАзия чыгармачыл гилдиясынын» Кыргызстандагы элчиси Гүлнара Мамбетсадыкова менен аңгемелешип калдым.

Гүлнара орус адабиятын жана дүйнөлүк адабиятты мыкты билген, көп окуган, деңгээли жетишерлик, өзү орус тилинде жазган акын келин. Ал мага кызыктай бир көрүнүштү айтып берди. Ага Батыш өлкөсүнүн саясый жана маданий чөйрөсүндө кыйла таасири бар, бийик даражалуу, көптөн бери тааныш болуп, мамиледе жүргөн чет элдик адам мейманга келип, бир топ күн Гүлнаранын апасыныкында жашап калат. Апа коногун эртеси демейдегидей эле эртең мененки дасторконго - чайга чакырат. Мейман төшөктө жаткан кийими менен эле туруп келип үстөлгө олтурат.

- Тур, барып адегенде кийинип, анан жуунуп кел? Чайга ошондон кийин олтурасың, - дейт апа мейманды.

- Анан ошол күндөн тартып, апам аны кыргыздын тамак ичүү маданиятына үйрөтө баштады, - дейт Гүлнара күлүп.

Муну мен эмне үчүн айтып жатам? «Качан болсо эле жылмайып турушат экен» деп кийингенинен тартып баскан-турганынан бери суктанып, «цивилизациялуу» деп үлгү туткан европалык мырза бети-колун жуунбай, төшөктөгү пижамасы менен тамакка келип олтурган жоругу кыргыздын кылымдан берки бузулбас салты менен жашап келген апабыздын төбө чачын тик тургузуп, чок баскандай чочутканын көрдүңүзбү? Андан да «өнүккөн өлкөдөгүлөрдүн балдары сырттан кирсе деле буттарын чечпей, үйдү тепсеп басып жүрө берет экен, алар бала дегенди бизге окшоп кагып-силкпей, оюна коюп, ээн-эркин тарбиялап өстүрөт экен» деп тамшанып келатканыбызчы?

***

«Манастай» улуу шедеврди жараткан, Манастай эли-жери үчүн башын сайган далай азаматтарды берген, далай даңктуу уул-кыздарды ата салты менен тарбиялаган, өстүргөн кыргыз эли деги эле өмүрүндө бала төрөп, бала тарбиялап көрбөгөн элден бетер «бала тарбиялоону Батыштан үйрөнүш керек экен» дей баштаганыбыз жалганбы? Башкаларды билбейм, менин муунумдагы балдар-кыздардын баары мугалим дегенди Кудайдан кийинки эле Кудай сезип чоңойгонбуз. Мугалим деген сабак билбеген «келесоолорубузду», жүрүш-турушу «жамандарыбызды», кыздарга кол кайтарган «терс аяктарыбызды» теске салып кай бирде кагып-силкип, тарбиясы бузуктарыбызды какыс-кукус кылып да жиберчү. Чың тийбестерибиз үйгө барарыбыз менен «мени агай урду, эжей урду» деп арыздансак ата-энелерибиз «сооп болот, урмак тургай өлтүрүп салса болмок экен» деп тизгинибизди тартып койчу. Ушул сөз аркылуу эле биз биринчиден мугалим деген ыйык, кымбат экенин билсек, экинчиден бирөөнүн үстүнөн баканооздук кылып арыздана бермейди токтотконбуз. Баканооздук деген адамдагы, айрыкча баладагы жаңыдан көктөп келаткан ыйманды бузуп, адамды келечекте жүзүкара кылып тарбиялай турган жаман сапат экенин ошол кезден билгенбиз.

* * *

Бүгүн биз Батыштан «балдардын укугу» дегенин иттин өлүгүн сүйрөгөндөй сүйрөп келип, бешиктен бели чыга элек балдарыбызды бакооноз кылып үйрөткөнүбүз аз келгенсип, мектепте таалим-тарбия берген, ыймандын үрөнүн сээп жаткан мугалимдерди кантип «тарбиялаш» керек экенин жана сотко бергенди үйрөтө баштадык. Бул өзү келечекте элди жок кылыш үчүн балдардын колуна берилип жаткан курал экенин түшүнбөй койдук.

* * *

Ошол чындап эле мыкты өнүккөн Европа бүгүн материалдык дүйнөнүн жеткен чегинде жашаганы менен жан дүйнө дөөлөтү түгөнүп бүтүп, руханий кризиске батып турганын, көкүрөктүн боштугун бүгүн алар Чыгыштан, анын ичинен Азиянын биз өңдүү элдеринен издеп жатканын билгибиз келбей жатканыбыз кандай өкүнүчтүү! Гүлнара мага англичандардын Кыргызстанга келген маданий делегациясы менен жолугушуу учурун айтып берди.

- Ошондо сөз кезеги чоң жазуучу, маркум Казат Акматовго келгенде: «Биз Европа деп оозубузду толтура кеп кылып, «цивилизацияга баратабыз» деп жетине албай, артыңардан ээрчидик эле, көрсө силер бизди тозокко сүйрөп бараткан турбайсыңарбы?» дегенде англичандар унчукпай угуп, макул болуп, баштарын ийкеп олтурду. Мен ошондо орус шовинзими сыяктуу эле европалыктардын аң-сезиминде да колонизатордук психология өчкөн вулкандай болуп уюп жатканын, баары бир Бонопарттык баскынчылык алардын аң-сезиминде «тирүү» бойдон кала бергенин түшүндүм,- дейт Гүлнара.

***

Биздин Чыңгыз Айтматовго Нобел сыйлыгы берилбей калганын трагедияга теңеп, күйгүлтүккө түшкөндөрдү түшүнбөйм. Жазуучунун китептери англис тилинде чыга баштаса эле, киночуларыбыздын тарткан кинолору Батыштын баасын алып, сыйлык ала баштаса эле «мына, акыры бизди дүйнө тааныды» деп жер-сууга батпай сүйүнгөндөрдү кѳргѳндѳ андан бетер түшүнбөйм.

***

Деги дүйнө деген эмне? Ал тоголок Жер шарынын каягында? Европадабы? Же Азиядабы? Англиядабы? Же Кытайдабы? Же ал да бир жерге байыр албай, улам ооматы келген өлкөлөрдүн «колтугуна» томолонуп, ошол жерден башын чыгарып жымыңдап, кайсы элге оомат келсе ошол оомат келген элге ооп, «оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн» болуп, ошол элдин сөзүн сөзүн сөздөп, кебин кептеп турчу немеби? Жазганың англис тилинде жарык көрсө эле дүйнө тааныган болуп калабы? Кыргыздын саймасын, туш кийизин, көз жоосун алган курагын, шырдагын, ээрин, боз үйүн көргөндө сөз табалбай суктанган, комуздун күүсүн укканда бүткөн бою жибип, жетимиш тамыры чымыраган европалыктар издеп жүргөн так ошол кооз дүйнөнү эмне үчүн өзүбүздөн издегибиз келбейт? Айтматовдун так өзүн «тарбиялаган», көзү тирүүсүндө Чыкебиз айтып да, жазып да, даңктап да бүтө албай кеткен, сөз кереметинин касиети боюнча да, тереңдиги боюнча да теңдешсиз улуу «Манасты» берген кооз дүйнө балким Сагымбай менен Саякбайдын, 600дөн ашуун күүнү кагаздагы нотага эмес, башына сактап келген Арстанбектин Мекенинде болбосун?

***

Эмне үчүн мен жазгандарымды «Манасты» окуган өз элиме жаккыдай кылып жазбай, европалык окурмандарга жаккыдай кылып жазышым керек? Же Шекспирдин «Король Лиринин» трагедиясынан Манастын трагедиясы, Гамлеттин трагедиясынан Каныкейдин трагедиясы же Манасынан ажырагандан кийинки менин Манассыз калган кыргыз элимдин трагедиясы кемби? Кайгы менен көз жашты таразага тартып болобу?

***

«Сагымбай менен Саякбай которулбайт, которуу мүмкүн эмес, «Манастагы» сөздөр Кудайдын сөзү менен барабар» дегенге мен ишенем. «Манасты» англис тилине миң жолу которуп чыгарсаң да ал эч качан кыргыз тилиндеги «Манас» болуп бербейт. «Манасты» түшүнөм деген киши кыргыз болуп жашап, кыргыз болуп сүйлөп, бул дүйнөдөн кыргыз болуп өтүшү керек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG