Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:37

Улуттук тарых музейи боюнча тергөө аяктады


Улуттук тарых музейинин ичиндеги бул жыгач мамынын ар бири 1137 евродон алынган.
Улуттук тарых музейинин ичиндеги бул жыгач мамынын ар бири 1137 евродон алынган.

Тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аягына чыгып, прокуратурага өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 16-апрелде Жогорку Кеңеште отчет берип жатып, Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлганын айткан. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев.

Башкы прокурордун сөзүнө караганда, музейди оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тарткан.

Тарых музейиндеги коррупция тууралуу былтыр 25-майда «Ата Мекен» фракциясы айтып чыккан. Анда музейди оңдоого акча сарамжалсыз жумшалганы, жабдуу, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганы жарыяланган.

Жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы айтылган.

Кийинчерээк Улуттук тарых музейин оңдоо учурунда сыйрылып алынган кымбат баалуу мармар жана гранит плиталардын жарымынан көбү дайынсыз жоголгону ачыкка чыккан.

Көп өтпөй УКМК музейди реконструкциялоодо бюджеттик каражатты туура эмес жана максатсыз пайдалануу тууралуу текшерүү жүргүзүп, кылмыш ишин козгогон.

Ал ортодо Маданият, маалымат жана туризм министрлиги музей качан ишке кирери белгисиз экенин «Азаттыкка» бүгүн, 14-майда билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG