Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Мусакеев мүлкүн ачык көрсөтүү эстафетасын Матраимовго тапшырат


Дамир Мусакеев.
Дамир Мусакеев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тогузунчу башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев өзүнүн жана ата-энесинин мүлкүн журналисттерге көрсөттү. Ал Бишкектин четиндеги Биримдик жаңы конушундагы бүтө элек үйүн көрсөттү, ал үй ата-энесинин атында. Мындан тышкары дагы башка жаңы конуштардагы бир туугандарынын менчиктерин да журналисттерге тааныштырмакчы.

Дамир Мусакеев өзүнүн мүлкүн ачык көрсөтүү менен бул көрүнүштү эстафета катары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Раим Матраимовго өткөрүп берүүнү көздөп жатканын айтты:

"Мына баары ачык. Коңшулардан да сурагыла. Эми мендей кылып, өзүнүн мүлктөрүн ачык көрсөтүүнү эл оозунда шайлоонун спонсору деп айтылып жүргөн Раим Матраимовго өткөрүп берсем дейм".


8-майда Башкы прокуратура Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгы бул мүлк Мусакеев өзү гана эмес, анын жакын туугандары иштеп тапкан расмий кирешеден бир нече эсе кымбат экенин кабарлаган.

Мусакеев өзү бул маалымат туура эмес экенин билдирип, үй-бүлөсү менен коопсуздук кызматынын кызматтык батиринде жашап келе жатканын айткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG