Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Сузакта жабыркаган наристенин абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мээси чайкалып ооруканага түшкөн эки жашар кыздын абалы оор.

Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынан 7-майдын кечинде «Тез жардам» кызматы алып келген эки жашар кыз оор абалда облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эс-учун жоготкон абалда келген наристенин өмүрүн сактап калыш үчүн дарыгерлер колдон келишинче аракет кылышууда. Аталган оорукананын балдар дарыгери Бахадыр Муратов буларды айтты:

«Кызды «Тез жардам» машинеси менен эс-учу жок, оор абалда алып келишкен. Кыздын дем алуусу начарлап, денесинде көгала тактар бар экен. Жасалма дем алдыруучу аппаратка коюп, алгачкы жардамды көрсөттүк. Учурда 15 адамдан турган дарыгерлер тобу наристени карап жатат. Абалы туруктуу оор, эсине келе элек. Кечээ күнү томографияга тартылып, жыйынтыгында башында жарааттан улам шишик пайда болгону, гематома бар экени аныкталды. Дарыгерлер кыз таяк жеген деген тыянакка келип жатышат».

Жабыркаган наристе Жалгыз-Жаңгак айылында төрт айдан бери таенесинин колунда тарбияланып жаткан. Кыздын апасы күйөөсү менен ажырашып, Орусияга иштегени кеткен. Наристенин аты-жөнүн айткысы келбеген таенеси кыз жыгылып түшүп, мээси ошондо чайкалганын, кол көтөрбөгөнүн айтып жатат:

«Небереме кантип кол көтөрмөк элем? Муну менен кошо дагы беш баланы багып жатам. Эки кызымдын экиден баласы жана өзүмдүн эмчектеги бир жашар балам да бар. Шымына заара кылбасын деп буттарынан чымчылап эле койгонум болбосо, ага кол көтөрмөк турсун катуу сүйлөбөйм. Ал неберем туулганда эле оорукчан болуп төрөлүп, каны да аз. Бир жума мурда ойноп жүрүп башы менен жыгылып түшкөн экен. Ошондон улам ооруп калды окшойт. Азыр дарыгерлер «абалы дурус» деп жатышат».

Сузак райондук милициясы жабыркаган кыздын жакындарынын көрсөтмөлөрү боюнча окуяны кокустук фактысы катары реестрге каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алды. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын улук инспектору Нурдин Жээнтаев буларды айтты:

«Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүп жатат. Баштапкы маалыматтарга караганда, жабыркаган кыз бир жума мурда үйдүн тепкичинен жыгылып, мээсинен жаракат алган экен. Эки күн мурда оорусу козголуп, ооруканага алып келишиптир. Учурда кошуналарынан да көрсөтмөлөр алынып, иш жүрүп жатат».

Ооруканадагы кыз 2017-жылы туулган. Эжеси экөө төрт айдан бери таенесинин колунда. Ата-энеси ажырашып кетип, апасы чет жакта иштеп келиш үчүн убактылуу таштап кеткен.

Сузак райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Насыйкат Калимбетова кыздын апасын издеп жатышканын билдирди:

«Бул үй-бүлөдөгү балдар мигранттын баласы катары биздин каттоого алынган. Учурда биздин адистер дарыгерлер менен бирге кызды кароого алып жатышат. Кыздын ата-энесин издеп, чакыртып жатабыз. Ата-энеси чет жакка кетип, туугандарынын колунда тарбияланып жаткан балдарды каттоого алып, көзөмөлдөп турабыз. Бага албай, баш тарткан балдар болсо камкордукка алынат. Биздин район боюнча учурда 4 миңден ашык бала туугандарынын колунда тарбияланып жатат».

Кыргызстанда туугандары сабап, басмырлаган өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгүнүн ата-энеси миграцияда. Өткөн жумада эле Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде өспүрүм баланы жакын тууганы машинеге байлап сүйрөгөн, сабаган окуя катталган. Окуя боюнча Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголуп, айыпталып жаткан баланы анын бир тууган таякеси убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө мигранттардын балдарынын саны 29 миңдин тегерегинде. Укук коргоочулардын эсеби боюнча Кыргызстанда ата-энеси чет жакта иштеп жүргөн 256 миң бала бар. Алардын ичинен 119 миң баланын ата-энесинин экөө тең эмгек миграциясына кеткен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG