Адистер көргөзмөгө коюлган эмгектердин мазмуну Кыргызстанда азыр деле сөз эркиндиги боюнча көптөгөн көйгөйлөр бар экендигин баяндаганын айтып жатышат.
Көргөзмөгө катышып жаткан Абдибайит Турсуматов «Улуу унчукпас» аттуу карикатурасынын маңызы тууралуу мындайча баяндады.
«Саясатта жүрүп, бирок элдин көйгөйүн көтөрбөй, бардык бийликтин тилин таап иштешип жүргөн кишилер болот го... Кыскасы өзүнүн кара жанын гана калкалайт. Бул - ошол каарман».
Сүрөттө тирүү кезинде эле өзүнүн айкелине айланып, аны өз колу менен калкалап турган кара башыл киши. Автор кийинки эмгеги менен да коомдун жарасына туз сепкен экен. Аталган карикатурада маалымат жыйынынан бир элес чагылдырылган:
«Кандайдыр бир чуулгандуу окуялар болсо эле ушундай кишилер барып маалымат жыйынын өткөрө баштайт го. Мына, бул "Эмгек сиңирген кошоматчы", бул болсо "Жер басып алгыч", кийинкиси ОБОН. Булар ошондой кездерде коомдук пикирди жаратууга умтулуп, элдин атынан сүйлөшөт. Бирок, адаттагыдай эле мындай кишилердин эл арасында эч кандай кадыр-баркы, салмагы болбойт».
Көргөн адамды бырс күлдүргөн сүрөттөрдө өлкөнүн бүгүнкү саясий турмушу, анын басма сөз каражаттарында чагылдырылышы, баканын ансыз да сүйлөй албаган балыктарга сөз эркиндигин үйрөтүп жүргөнү, акчалуу көпөстөр айрым пресса өкүлдөрүнө сөөк ыргытып жатканы, ошол эле учурда журналисттердин сөз эркиндигине карата сабатсыз мамилеси баштаган көйгөйлөр тамашага салынган.
3-май 1993-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Бүткүл дүйнөнүн басма сөз эркиндигинин күнү деп жарыялаган. Андан бери бул күн Кыргызстанда журналистикага тиешеси бар коомдук уюмдар тарабынан белгиленип келет. Адистер учурда Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы тепкичте турарын, бирок акыркы жылдары журналисттер бийлик өкүлдөрүнүн доо-арыздары менен тушала баштаганын айтышты.
Бул конкурста калыстык кылган Өмүрбек Сатаев сынакка түшкөн сүрөттөрдүн мазмунунан өлкөдө сөз эркиндиги боюнча дагы да көптөгөн көйгөйлүү маселелер бар экендиги ортого салынган дейт.
«Мисалы, ошол эле цензура. Бийликтин сөз эркиндигине кол салып, басым көрсөтүп жатканы, кээ бир учурларда журналисттердин сатылып кеткени. Айтор, ар тараптуу учурлар ушул карикатуристтердин эмгектеринде чагылдырылып берилген. Бул биздин замандагы, коомдук турмуштагы көйгөйлөрдүн сүрөт аркылуу ачык айтылып жатканы десек болот».
Сатаев Кыргызстанда карикатура унутулган жанр экенин эске салып, бул жылы конкурска улуу муундагы карикатурачылар менен кошо ышкыбоз жаштар да ат салышканын кыстарды.
«Бийлик менен акча адамдын эркиндигин чектейт» деген темада тарткан карикатурасы менен кызыктыруучу сыйлыкка ээ болгон Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин журналистика факультетинин 1-курсунун студенти Саламат Шакиров өзүнүн эмгегин тууралуу айтып жатып, бул жанрга эмнеге кызыгып жүргөнүн кеп кылды.
«Биздин коом китеп, текст окуудан качып калды. Андыктан мен карикатура жанрын кайрадан жандантуу керек деп ойлойм. Анткени биз азыр социалдык тармактарда адегенде сүрөткө көңүл бурабыз. Ошондуктан мен оюбузду сүрөт менен берүү жеңил болобу деп ойлодум».
Сынакка бардыгы болуп 23 автордон 68 эмгек түшкөн. Алар калыстардын элегинен өтүп, 1-орунга «Сөз эркиндиги карикатурасы» үчүн Руслан Валитов, 2-орунду «Мамлекеттик ЖМКлар» карикатурасы үчүн Михаил Томилов, 3-орунду «Гүлдөрдүн тили» карикатурасы үчүн Перизат Турдубекова алды.
Көргөзмөнү «Сорос-Кыргызстан» фондунун жардамы менен «Журналисттер» коомдук бирикмеси Хусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде уюштурган.