Украинанын президенттигине болгон шайлоонун жеңүүчүсү Владимир Зеленский Орусияны Украинанын чек арасына көзөмөлдү кайтарып берүүгө чакырган билдирүү менен чыкты.
“Фейсбуктагы” баракчасына койгон билдирүүсүндө ал Украина менен Орусиянын ортосунда бириктирген нерсени көпкө ойлонгонун жазды. Мунун алдында Орусиянын президенти Владимир Путин орус жана украин калкын бириктирген көп нерселер бар экенин, ал тургай эки өлкөнүн жашоочуларына бирдиктүү жарандык берүү зарылдыгын дагы жарыялаган.
Зеленский Крымдын аннексияланышы жана Донбасстагы орус агрессиясынан кийин өлкөлөр ортосунда бир гана “жалпы” маселе калганын ал – мамлекеттик чек ара экенин белгиледи. “Украина тараптагы ар бир миллиметр жерге көзөмөлдү Орусия кайтарып бериш керек. Ошондо гана биз башка бириктирген нерселерди издей алабыз”,-деп жазды Украинанын президенттигине шайланган актер.
Зеленский ошондой эле “мунай заттарын экспорттого тыюу салуу, басып алынган аймактын жашоочуларына паспорт берүү, украиндерди туткунда кармоо бир туугандык мамиле эмес” деди.
Аз күн мурдараак да Украинанын чыгышындагы жикчилдерге Орусиянын паспортун берүүнү жеңилдетүү жөнүндө Путиндин билдирүүсүнө Зеленский жооп кайтарып, ал дагы эркиндик үчүн күрөшкөн орусиялыктарга паспорт бере турганын жазган.
Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган. Мындан сырткары Украина Орусия мененен чектеш Луганск жана Донецк облустарындагы жүздөгөн чакырымдарда көзөмөлүн жоготуп койгон. (ErN)