Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Казакбаев: Илимдер академиясын тез арада реформалаш керек


Улуттук илимдер академиясынын башкы имараты.
Улуттук илимдер академиясынын башкы имараты.

Кыргыз улуттук илимдер академиясы реформага муктаж. Бүгүн, 2-майда парламенттин жыйынында сүйлөп жатып депутат Руслан Казакбаев ушундай пикирин билдирди:​

- Академия өзү менен өзү иштеп жатат. Илимпоздор алган айлык 4-5 миң сом. Ал эми жашоого керектүү минимум 4,5 миң сом. Анда илимпоздорду эмнеге кармап отурабыз? Тез арада реформа жүргүзүп, академияны башка форматка өткөрүш керек. Коомдо маанилүү маселе болгондо академия илимди түшүндүрүп качан өзүнүн оюн айтты? Мына, азыр уран маселеси чыгып жатат. Илимдер академиясынан уран жана радиациялык элементтер канчалык зыян, ошол уранды ачканда коомго канча зыян келет экен - бир жыйынтык алдыңыздарбы?

Депутат белгилегендей, Кыргызстан эгемендик алгандан бери академияга мамлекеттен бир да буюртма түшкөн эмес.

Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген.

Академиянын 39 анык мүчөсү, 49 мүчө-корреспонденти жана сегиз чет өлкөлүк мүчөсү бар.

Депутаттын айткандары боюнча мекеме азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG