Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:45

Тажикстандык 84 бала Ирактан кайтарылды  


Ирактан кайтарылган балдар. 30-апрель, 2019-жыл. Дүйшөмбү шаары.
Ирактан кайтарылган балдар. 30-апрель, 2019-жыл. Дүйшөмбү шаары.

30-апрелде түндө Ирактан кайтарылган 84 бала түшкөн учак Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүнүн аэропортуна конду. «Азаттыктын» тажик кызматы билдиргендей, аларды Тажикстандын Кувейт менен Ирактагы элчиси Зубайдулло Зубайдзода коштоп келди.

Балдардын айрымдары бир нече жыл мурда ата-энелери менен бирге Ирактагы согуш болгон аймактарга кеткен болсо, кээлери ошол жакта туулган.

Алардын өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган террордук топко кошулган аталары өлтүрүлгөн же дайынсыз жоголгон. Энелери Багдаддын түрмөлөрүндө отурушат.

Дүйшөмбүнүн расмий маалыматына караганда, учурда Ирактын абактарында Тажикстандын 43 жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Тажик бийлиги 30-апрелдеги билдирүүсүндө, балдарды кайтаруу Ирак өкмөтүнүн жана эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЮНИСЕФтин жардамы менен ишке ашканы айтылат. Ушу тапта 11 бала энелери менен кошо Ирактын түрмөлөрүндө калды.

Ал эми кайтарылган 84 бала «Харангон» санаторийине жеткирилип, ал жактан медициналык жана психикалык жардам алышарын Саламаттык сактоо министрлиги менен Балдар акыйкатчысы билдирди.

Расмий маалыматтарда 2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы согуш жүрүп жаткан аймактарга тажикстандык 1900дөй жаран чыгып кеткени, алардын үч жүзү кайтыш болгону белгиленет.

XS
SM
MD
LG