Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Помпео: Венесуэладан качканы жаткан Мадурону Кремль токтотуп турат


Венесуэланын Улуттук гвардиясынын оппозицияга өтүп кеткен жоокерлери. 30-апрель, 2019-жыл.
Венесуэланын Улуттук гвардиясынын оппозицияга өтүп кеткен жоокерлери. 30-апрель, 2019-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Венесуэланын президенти Николас Мадуро өз өлкөсүнөн чыгып кетүүгө даяр экенин, Орусия аны калтырып койгонун билдирип чыкты.

«Анын учагы аэропортто даяр турган. Учуп кетүүгө даяр турган жеринен орустар аны калууга көндүргөн», - деди Помпео шейшембинин кечинде CNN телеканалындагы маегинде.

АКШ колдогон оппозициянын лидери Хуан Гуайдо президент Николас Мадурону алып түшүүгө аскер адамдарынан жардам сурагандан кийин Венесуэлада кырдаал кескин курчуган. Гуайдо Мадурону кулатууга багытталган планынын «акыркы баскычын» баштаганын жарыялаган.

Мындан кийин борбор Каракаста миңдеген венесуэлалыктар көчөгө чыгышты. Мадуронун өкмөтү Гуайдону «мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенип жатат» деп айыптады. (ErN)

XS
SM
MD
LG