Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Венесуэла: Гуайдо бийликти кулатуу планын баштаганын жарыялады


Хуан Гуайдо аскер кызматкерлери менен сүйлөшүп турат. 30-апрель, 2019-жыл. Каракас.
Хуан Гуайдо аскер кызматкерлери менен сүйлөшүп турат. 30-апрель, 2019-жыл. Каракас.

Венесуэлада оппозиция лидери Хуан Гуайдо президент Николас Мадурону кулатууга багытталган планынын «акыркы баскычын» баштаганын жарыялады.

Гуайдо 30-апрелде, Венесуэла убактысы боюнча эртең менен «Ла-Карлота» аба базасынын жанында куралдуу жоокерлердин курчоосунда видео билдирүү таратып, өз планын ишке ашырыш үчүн «эр жүрөк» жоокерлерден колдоо күтө турганын айтты. Ал тарапкерлерин өзүн колдоого чакырды.

Мадуронун өкмөтү Гуайдону «мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенип жатат» деп айыптады.

«Reuters» агенттиги Каракастагы авиабазанын жанында Гуайдого жана ондогон адамдарга карата көздөн жаш агызуучу газ чачылганын кабарлады.

Өлкөнүн маалымат министри Хорхе Родригес «Твиттерге» өкмөт аскердеги чыккынчылар башында турган «анча чоң эмес» төңкөрүш аракетине каршы күрөшүп жатканын жазды.

АКШ баш болгон 50дөн ашуун мамлекет Гуайдону «утурумдук президент» катары тааныган. Орусия, Кытай жана башка ондогон өлкөлөр Мадурону колдоп, аскердик жана каржылык жардам көрсөтүп жатышат.

XS
SM
MD
LG