Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:08

Ибраимовдун адвокаты сотто мыйзам бузулганын айтып чыкты


Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов.
Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов.

Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун сотунда мыйзам бузулганын адвокат Сергей Слесаревге таянуу менен Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) билдирди.

Маалыматка караганда, 30-апрелдеги жараянда судья Кубанычбек Касымбеков буга чейин күнөөсүн моюнга алып, тергөө менен кызматташа турганын билдирген «Дастан» ишканасынын мурдагы директору Юрий Васильевдин ишин өзүнчө бөлүп кароо жөнүндөгү өтүнүчтү канааттандырган.

Албек Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев соттун бул чечимин мыйзамсыз деп эсептейт. Анын айтымында, Васильевдин ишин өзүнчө бөлүүгө мүмкүн эмес болчу. Адвокат Ибраимовдун укугу бузулуп жатканын, Васильевдин ишин өзүнчө бөлүү экс-мэрдин соттогу абалын ого бетер начарлата турганын айтууда. Ошондой эле сот каалагандай кадамдарды жасап жатканын, буга чейин үч кылмыш ишин бириктирсе, эми бир кишинин ишин өзүнчө бөлүп койгонун, Васильевдин прокуратура менен келишип алганы да мыйзамсыз экенин кошумчалаган.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов «мектеп курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн.

Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Бул иштерди бөлүп кароо боюнча адвокаттардын өтүнүчү канааттандырылган эмес. Аны бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган. (NT)

XS
SM
MD
LG