Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:10

ИМ террордук тобунун лидери деген кишинин видеосу тарады


Кайсы күнү, кай жерде тартылганы белгисиз видеодон алынган сүрөт.
Кайсы күнү, кай жерде тартылганы белгисиз видеодон алынган сүрөт.

Өзүн «Ислам мамлекети» атаган террордук топтун «Ал-Фуркан» агенттиги чыгарган видеокайрылуу 29-апрелдин кечинде жарыяланды. Анда сүйлөгөн киши топтун лидери Абу Бакр аль-Багдади деп тааныштырылган.

Видео кайсы жерде жана качан тартылганы белгисиз. Сүйлөп жаткан киши Шри-Ланкадагы теракттар менен Сириянын Багхуз шаарындагы «Ислам мамлекети» террордук тобунун жоготууларына жооп кайтарылганын айткан.

Ошондой эле ал камалган жана өлтүрүлгөн жоочулар үчүн өч алынарын билдирген. Видеодо сакалчан, кара көйнөк жана боз түстөгү шырмал кийген, оң тарабында автомат турган адам жерге отуруп алып сүйлөп жатканы, беткапчан үч киши аны угуп жатканы көрсөтүлгөн.

Бул кишинин Багдади экени анык болсо, анда ал 2014-жылдан бери коомчулукка алгачкы видео кайрылуу менен чыгып жатат. Былтыр Багдади деп тааныштырылган кишинин аудиолору жарыяланган.

Буга чейин АКШ жана Орусия Багдадинин өлгөнүн билдиришкен. Жаңы видео тууралуу Москва менен Вашингтон комментарий бере элек.

Өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук уюм беш жыл мурда Сирия менен Ирактын ири бөлүгүн басып алып, 2017-2018-жылдары талкаланып, ал аймактардан сүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG