Театр ишмерлери актердун дүйнөдөн өтүшү менен кыргыз театрындагы Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова баштаган улуу таланттардын жолун улаган бүтүндөй бир доор кеткенин айтып жатышат.
Ушул жылдын башында Сатыбалды Далбаев байбичеси Мираида Далбаева менен «Азаттык» үналгысына ээрчишип келип, өздөрүнүн чыгармачылыгы тууралуу «сыябан-маекке» катышкан.
Далбаев Лениндин ролун кантип аткарып калганы, ал образды театр сахнасына алып чыккан алгачкы мүнөттөрү тууралуу кеп салып берген:
«Спектакль 22-апрель - Лениндин туулган күнүнө арналып коюлган да. Спектакль мына-мына башталат деп отуруп, 15-20 мүнөттөй кеч башталды. Анда эски театрда элек. Музейдин жанында кичинекей театрыбыз бар болчу. Көрсө спектаклге Турдакун Усубалиев, Төрөбай Кулатов, бардык бюро мүчөлөрү келишмек экен. Бирок аны мага айтышкан эмес. Мени аптыгып калат дешсе керек».
1957-жылы Москвадагы Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык институтту аяктап келген актер өз чыгармачылык жолунда жүздөгөн ролдорду жараткан.
Эл артисти Чоро Думанаев кесиптеши актер катары кыргыз театр искусствосун түптөөгө олуттуу салым кошконун белгилеп, буларды айтып отурду:
«Мен жаш кезде келгенде биз эски театрда элек. Ошондо мен Сатыкенин Кычанды ойногонун көргөм. Москвадан келгенден кийин Островскийдин "Күнөөсүз күнөөлүүлөрүн" ойноду. Жаңы театр иштей баштаган кезде буга келип өз салымын кошту. Владимир Ильич Лениндин Володясынан баштап улгайып калган кезине чейин ойноду».
Думанаев Сатыбалды Далбаев өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин театр менен байланышын үзбөй, жамааттын ар кандай иш-чараларына жигердүү катышып, жаңы спектаклдердин бет ачарына күбө болуп, жаштарга кеңешин айтып шайдоот жүргөнүн айтты.
Театр таануучу Жаныш Кулмамбетов Сатыбалды Далбаевдин дүйнөдөн өтүшү менен бүгүнкү заманды XX кылымдагы кыргыз театрынын жаркын таланттары менен бириктирип турган, алардын демин алып жүргөн улуттук маданияттын корифейи кеткенин белгиледи:
«Сатыбалды Далбаев дегенде биз бүтүндөй бир доордун, бүтүндөй бир таланттардын плеядасынын образын көрөбүз. Анткени ал биздин Муратбек Рускулов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова баштаган улуу муундан кийинки Болот Шалтаев, Арсен Өмүралиев, Советбек Жумадылов, Гүлшара Дуулатова, Жамал Сейдакматова, Миаида Далбаева сыяктуу кыргыз театрынын XX кылымымдын экинчи жарымындагы улуу таланттардын катарында турган, улуу муундун жолун улаган, кыргыздын улуттук театр өнөрүнүн корифейи болгон».
Кулмамбетов маркум актер театр сахнасында Ленин, Миңжашар, Сейит сыяктуу эстен кеткис образдары менен улуттук театр искусствосунун тарыхында түбөлүк калганын айтты.
Кыргыз академиялык улуттук драма театрынын жетекчиси Асылбек Өзүбеков залкар актердун сөөгүн узатуу камылгасында жүргөн экен.
«Абай салып карасак, Сатыкем өрнөктүү өмүр өтөдү, - деди ал. - Жашоосу, турмушу, маданияты, адамкерчилиги, улуу-кичүүгө болгон мамилеси баарыбыздын көз алдыбызда. Өнөр сересинде өзгөчө из калтырды. 85 жаш деген керемет кырга чыгып, жаркылдап жайнап, ушул жерде басып жүрүп көз ачып-жумганча кетип калды. Бул жагынан да таң калып карап отурабыз. Ушул жерге келип, биз менен отуруп, сүйлөшүп, бажылдап аркы-беркини айтып, өткөн-кеткенден кеп салып, бизге "тигиндей болгула, мындай болгула" деп акылын айтып турар эле».
Маркум менен коштошуу зыйнаты 30-апрелде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык улуттук драма театрында өтүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Сатыбалды Далбаев Кыргыз эл артисти, актриса Мираида Далбаеванын өмүрлүк жубайы болгон. Театр сахнасында кош жылдыз сыяктуу жанып келген эки таланттын үч баласы, неберелери бар.
Өрнөктүү өмүр жолу
Сатыбалды Далбаев 1934-жылы Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында туулган.
1970-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын алган, төрт жылдан кийин эле «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамына татыктуу болгон. Ал Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси жана Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.
1995-жылы «Манас-1000» медалы менен сыйланган.
2008-жылы Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.
Сатыбалды Далбаев 70ке чукул ролду аткарган. Алардын айрымдары:
И.Попов «Ульяновдордун үй-бүлөсү» - В.Ульянов
К.Маликов «Бийик жерде» - В.И.Ленин
К.Паустовский «Эски шинелчен адам» - В.И.Ленин
В.Шекспир «Ромео менен Жульетта» - Лоренцио
В.Шекспир «Король Лир» - Эдгар
А.Грибоедов «Акылдан азап» - Молчанин
Н.Гоголь «Өлүү жандар» - Манилов
А.Чехов «Алчалуу бак» - Фирс
А.Островский «Күнөөсүз күнөөлүүлөр» - Незнамов
Ч.Айтматов «Жамиля» - Сейит
Ч.Айтматов «Саманчынын жолу» - Жайнак
Ч.Айтматов «Кылым карытар бир күн» - Казангап
Ч.Айтматов «Жаныбарым Гүлсары» - Чоро
Ч.Айтматов «Бетме-бет» - Почточу карыя
Ч.Айтматов, М.Шаханов «Сократты эскерүү түнү» - Ч.Айтматов
Т.Абдумомунов «Абийир кечирбейт» - Омор
Т.Абдумомунов «Бюро жүрүп жатат» - Аскар
Т.Абдумомунов «Жарыктык карыларым» - Манбак
Т.Абдумомунов «Ашырбай» - Арпачы
Ж.Садыков «Айкөл Манас» - Бүкүр
М.Тойбаев «Эрте өчкөн жылдыз» - Т.Усубалиев
М.Байжиев «Төрт адам» - Азис
М.Байжиев «Балдар бойго жеткенде» - Маке
М.Байжиев «Байыркы жомок» - Карахан
Ч.Айтматов «Танабай Бакасов» - Чоро
Ш.Бейшеналиев «Кычан» - Кычан
Н.Хикмет «Унутулган адам» - Карыя