Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:31

АКШ: Иранды ооздуктоого чамабыз жетет


Генерал Кеннет Маккензи.
Генерал Кеннет Маккензи.

Эгер Иран Перс булуңунда кандайдыр бир коркунуч жаратуучу кадамдарга бара турган болсо аны ооздукташ үчүн АКШнын ресурстары жетиштүү. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын башчысы Кеннет Маккензи билдирди.

«Sky News Arabia» телеканалынын маалыматына караганда, ал зарыл болсо Иранга каршылык көрсөтүлөрүн айтты.

Маккензи ошондой эле «Иран коркунучуна каршы биргелешип аракет кылыш үчүн АКШ аймактагы өнөктөштөрү жана достору менен байланышта» экенин кошумчалады.

Дональд Трамп президент болуп келгенден бери АКШ администрациясы Тегеранга карата саясий жана экономикалык кысымын күчөттү. 2018-жылдын май айында Трамптын буйругу менен АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыгып кеткен. Иранга карата мамилени жумшартууну максат кылган бул келишимден чыккандан кийин Кошмо Штаттар санкцияларын күчөткөн. Ирандын бийлиги АКШнын мындай саясатын негизсиз деп атап, кескин сындап келе жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG