Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:18

Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында алтын медаль тагынды (видео)


Айсулуу Тыныбекова. 26-апрель, 2019-ж. Сиань, Кытай.
Айсулуу Тыныбекова. 26-апрель, 2019-ж. Сиань, Кытай.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Кытайда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Ал 62 килограмм салмак ченинде күрөштү.

Тыныбекова финалда жапон спортчусу Юкако Каваи менен күч сынашып, 8:6 эсебинде жеңишке жетти.

Ушуну менен Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатын үчүнчү ирет жеңип алды. Ал буга чейин 2016-2017-жылдары жеңүүчү болгон.

Азия чемпионаты. 62 кг. Финал. А.Тыныбекова - Ю.Канаи 8:6. 26-апрель, 2019-ж.

XS
SM
MD
LG