Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын чопкутталган поезди шаршембиде Орусиянын аймагына кирди. Ал 25-апрелде Ыраакы Чыгыштагы Владивосток шаарында Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушат.
24-апрелде Приморский крайынын бийлиги Кимди чек арадагы «Хасан» темир жол станциясынан тосуп алды. Аймак жетекчилигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Түндүк Корея жетекчисине гүл берилип, улуттук кийимдеги кыздар ага салттуу орус нанынан ооз тийгизгени көрсөтүлгөн. Ошондой эле Ким Чен Ын көптөн бери Орусияга келүүнү каалаганын айтканы жазылган.
«Өлкөнү жетектей баштагандан бери жети жыл өттү. Бирок менде ушу кезге чейин Орусияга келүүгө мүмкүнчүлүк болбоду», - деди Ким Чен Ын.
Чопкутталган поезд менен Пхеньяндан Орусиянын чек арасына чейин 700 чакырымды басып өткөн Ким Чен Ынды Түндүк Кореянын өкмөтүнүн жана Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү коштоп жүрөт.
Орусия президентинин кеңешчиси Юрий Ушаков Ким Чен Ын менен Путиндин сүйлөшүүсүндө Корей жарым аралындагы өзөктүк маселени саясий жана дипломатиялык жол менен чечүү талкууга алынарын билдирди. Анын айтымында, эки өлкө башчылары алгач бетме-бет сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин аларга делегация мүчөлөрү, анын ичинде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кошулат. «РИА Новости» агенттиги жолугушууда кандайдыр бир макулдашуу жана биргелешкен билдирүү болбой турганын кабарлады.
Ким менен Путиндин кездешүүсү АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Пхеньяндан Корей жарым аралындагы чыңалууну токтотуу максатында бул өлкөнүн өзөктүк программасы боюнча макулдашуу түзүүнү талап кылып жаткан учурга туш келди. Трамп менен Ким буга чейинки жогорку деңгээлдеги эки жолугушууда денуклеаризация тууралуу келишим тууралуу орток пикир таба алган эмес.
Трамптын администрациясы үчүнчү саммитти өткөрүүнү сунуш кылды, бирок Пхеньян алдыдагы кандай гана сүйлөшүү болбосун ага мамлекеттик катчы Майк Помпеону катыштырбоону Вашингтондон талап кылып жатат.