Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Украина: Зеленский добуштардын 73,22% алды


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында бардык протоколдордун жыйынтыгы менен актер Владимир Зеленский 73,22 пайыз добуш алды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, ага 13,5 млн. жаран добуш берген.

Ал эми Украинанын кызматтагы президенти Петр Порошенкого 24,45%, башкача айтканда 4,5 миллионго жакын шайлоочу добуш берген. Боршайком 2,31% бюллетенди жараксыз деп тапты. Экинчи айлампага шайлоочулардын 61,37% катышкан.

21-апрелдеги добуш берүүнүн жыйынтыгын Зеленскийдин оппонентти Петр Порошенко тааныды. Эми Зеленский 3-июнда президенттик кызматка киришет. (TSh)

XS
SM
MD
LG