Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:56

Жогорку сотто Текебаев менен Чотоновдун соту 3-майга жылды (видео)


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов.
Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов.

Жогорку соттун коллегиясы «Ата Мекен» партиясынын лидери, түрмөдөгү саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча отурумун баштады.

Судья сотту ачык деп жарыялап, Текебаевдин адвокаттары менен таанышты. Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаты келбей калганы белгилүү болду.

Ишке катышып жаткан прокурор материалдар менен тааныша элек экенин айтып, карап чыгууга уруксат сурады. Адвокаттар мунун зарылчылыгы жок экенин билдиришти. Судьялар кеңешүүдөн кийин прокурордун өтүнүчүн канаттандырып, соттук жараянды 3-май, саат 10:00гө калтырды.

Соттун сыртында Текебаевдин жана Чотоновдун тарапкерлери митинг өткөрүп жатышкан. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов митинг тарай турганын билдирди.

Жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кылмыш ишин кайра кароо өтүнүчү менен 15-февралда «Адилет» укуктук клиникасы Жогорку сотко кайрылган. Иш кайра карала турганы март айында белгилүү болуп, 23-апрелге белгиленген.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, бирок Башкы прокуратура андан баш тарткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG