Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Жээнбеков: Бишкекке «жашыл шаар» наамын кайтарып бериш керек


Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов парктын курулушунун долбоору менен президент Сооронбай Жээнбековду тааныштырууда. 23-апрель, 2019-жыл.
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов парктын курулушунун долбоору менен президент Сооронбай Жээнбековду тааныштырууда. 23-апрель, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 23-апрелде Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы жаңы парк курула турган жерге капсула салуу учурунда «борбор калаа өзүнүн «жашыл шаар» деген аталышын кайра калыбына келтириши керек» экенин билдирди:

- Биздин өлкөнүн борбор шаарынын башкы байлыгы таза аба жана жакшы экология болушу керек. Жаңы парктарды салуу, шаарды жашылдандыруу жана экология жарандардын жашоосу үчүн баарынан маанилүү. Паркта өнүккөн инфраструктура жана ар тараптуу, анын ичинде жигердүү дагы эс алуу үчүн, зарыл шарттар түзүлүшү керек.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов болочок парктын курулушунун долбоор менен тааныштырды.

Айтматов проспекти менен Масалиев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгаша турган парктын аянты 10 гектар. Долбоордо жөө жүрүүчүлөр үчүн коммуникация, тротуарлар, жарыктандыруу, жашылдандыруу, балдар аянтчасы, спорт аянтчасы, велосипед жолдору, автоунаа токтотуучу жайлар каралган.

Учурда тротуарларды, асфальтбетон жана таманташтарды орнотуу жумуштары аткарылууда. Курулуш иштерин 2019-жылдын 31-августуна карата бүтүрүү болжолдонууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG