Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:29

Украинада президенттикке талапкерлер бүгүн беттешет


Порошенко менен Зеленскийдин үгүт барактары
Порошенко менен Зеленскийдин үгүт барактары

Украина президенттигине талапкерлер Владимир Зеленский менен Петр Порошенко бүгүн, 19-апрелде Киевдин “Олимпийский” стадионунда жолугат. 70 миң орундуу стадиондо дебат өткөрүүгө эки тарап бир нече жолку пикир келишпестиктерден кийин макул болушкан.

Дебат жергиликтүү убакыт боюнча кечки жетиде өтөт. Шайлоо эрежеси боюнча буга чейин талапкерлердин эрөөлү стадиондо эмес, негизги коомдук телеканалдын студиясында уюштурулуп келген. Көбүрөөк элдин алдында стадиондо жолугууну Зеленский сунуштаган.

Дебаттын алдында 18-апрелде учурдагы президент Петр Порошенко шайлоочуларынан катачылыктары үчүн кечирим сурап, экинчи мүмкүнчүлүк берүүнү өтүндү.

Ал эми Зеленский бейшембинин кечинде өзүнүн командасын элге көрсөттү. Эгер ал шайланып калса юрист Руслан Стефанчук укуктук реформа үчүн жооптуу болот. Ал эми мурдагы каржы министри Александр Данилюк тышкы саясатка жооп берет. Белгилүү балдар дарыгери Евгений Комаровский саламаттык сактоо тармагын тейлейт.

Акыркы сурамжылоо Зеленский Порошенкодо чоң айырма менен алдыда экенин көрсөтүүдө. Сурамжылоого катышкандардын 73% Зеленскийге, 27% Порошенкого добуш берүү ниетин билдиришкен.

Украинадагы шайлоонун экинчи айлампасы 21-апрелде өтөт.

XS
SM
MD
LG