Бүгүн, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "Азаттыкка" маек куруп, Текебаевдин иши калыс каралышы керек деп билдирди.
- Мен Текебаевге мунапыс берүү өтүнүчүн колдоп, кол койгондо баары акыйкат чечилишин каалагам. Акыйкат чечим чыкса, тигиге да, буга да суроо жаралбайт. Биз эмоцияга алдырбашыбыз керек, себеби бул абдан олуттуу иш, - деди Иса Өмүркулов.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун иши 23-апрелде Жогорку сотто каралат. Эки саясатчынын тарапташтары бул күнү сот имаратынын алдында митингге чыгарын айтып жатышат.
Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген. (KR)