Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Мамкаттоонун үч жетекчиси эки айга камалды


Үч жетекчинин сот залынын сыртында күткөн жакындары. 17-апрель, 2019-жыл.
Үч жетекчинин сот залынын сыртында күткөн жакындары. 17-апрель, 2019-жыл.

Тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев эки айга тергөө абагына камалды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-апрелдин кечинде ушундай чечим чыгарды.

Аталган үч жетекчи биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзамсыз иштерге барышкан деген шек менен кармалганы 16-апрелде маалым болгон.

Алардын бөгөт чарасы жабык каралды. «Азаттыктын» кабарчысы маалымдагандай, кармалгандардын 20-30 тарапкери сот залынын кире беришинде күтүп турушту.

2019-жылдын 11-январында тендердик комиссия литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясын жеңүүчү деп тапкан. Бирок бул сынак боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК «Мамкаттоонун кызматкерлери белгилүү бир компаниянын кызыкчылыгына аракет кылышкан» деп билдирген.

17-апрелде бир катар жарандык активисттер Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин кармалганына тынчсыздануусун билдиришип, президентке кайрылуу жолдошту.

XS
SM
MD
LG