Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Башкы прокурор: Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга даярбыз (видео)


Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратура «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Ал бул тууралуу Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Сайдулла Нышановдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

- Бул маселе коомчулукта талкууланып жатат. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш Жогорку сотко берилген. Башынан карап чыгып, мыйзам чегинде жардам берүүгө даярбыз, - деди Жамшитов.

Нышанов «кандай болгон күндө да ал кишинин эмгегин эске алып, баарыбыз аны чыгарууга аракет кылышыбыз керек» деп билдирди.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун иши 23-апрелде Жогорку сотто каралат. Эки саясатчынын тарапташтары бул күнү сот имаратынын алдында митингге чыгарын айтып жатышат.

Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG