Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Бокоев: Бабанов үчүн мамлекеттин тынчтыгы маанилүү


Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

Өмүрбек Бабанов үчүн тынчтык, элдин биримдиги маанилүү экенин Жогорку Кеңеште «Республика» партиясынын депутаты Кенжебек Бокоев «Азаттыкка» билдирди:

«2017-жылы шайлоо бүткөндө эле шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турган бизди, тарапташтарын өзүнүн беделине шек келсе да, тынчтык үчүн деп, нааразылыкка чыгарбай токтотуп койгон. «Кандай жол менен болсо да шайланды, бийлик эми иштесин» деп токтотуп койгон. Бул жолу да ошондой болду. Демек, ал мамлекеттин туруктуулугун биринчи орунга койгон инсан экенин далилдеди».

Кенжебек Бокоев «бийлик Бабановдун келишинен коркуп, аны тосуп алууга тынч митингдерге уруксат бербей койгону менен утулганын көрсөттү» деп эсептейт.

12-апрелде Бишкек мэриясы Бабановдун тарапкерлерине аны тосуп алууга арналган тынч митингди Эски аянтта өткөрүүгө уруксат бербей, Горький гүлбагын сунуш кылган. Талас жана Каракол шаарларынын жетекчиликтери болсо борбордук аянттарда өткөрүүгө уруксат бербей, шаардык стадион жана башка жайларды сунуш кылышкан. Бабановдун тарапкерлери муну бут тосуу деп баалашкан.

Бир жумадан ашуун убактан бери Кыргызстанга кайтып келип, саясий жашоого аралашарын билдирип келаткан Өмүрбек Бабанов 13-апрелде Москвадагы аэропорттон видео аркылуу кайрылып, келбей калганын билдирди. Ал тарапташтарын митингдерди токтотууга чакырып, тынчтык жолу менен жакынкы күндөрү келерин айтты.

Бабанов аз күн мурун «Фейсбуктан» 13-апрелге Москва-Бишкек каттамына алынган авиабилетин көрсөткөн. (TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG