Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:02

ИИМ: Уюшма кылмыштуу топтор болгон жана боло берет


Кашкар Жунушалиев.
Кашкар Жунушалиев.

Уюшма кылмыштуу топтордун мыйзамга каршы иш жасап, бирок эркиндикте жүргөн бир да мүчөсү жок. Бул тууралуу бүгүн парламентте ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

Ал депутат Ирина Карамушкинанын суроосуна жооп берип жатып:

- Уюшма кылмыштуу топтор ар дайым болуп келген жана боло берет. Андайлар бардык мамлекетте бар. Биз алар боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Мындай топтордун кылмыш кылган бардык мүчөлөрү мыйзамга ылайык жоопко тартылышат. Кылмыш кылып, «отурбай» жүргөндөрдүн эч болбогондо бирин атап бериңизчи? - деди.

Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүү үчүн шектүү катары 11-апрелде кылмыш дүйнөсүндө «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал болгон 38 жаштагы Чыңгыз Жумагулов кармалды.

Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталды. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалап жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG